7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан АКШнын ири компаниялары менен кызматташат

196

Бишкекте америкалык алдыңкы компаниялардын жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда эки тараптуу жолугушуулар өтүүдө. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуулар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы инвестициялык жана экономикалык кызматташууну чыңдоого, ошондой эле ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Америкалык тараптан АКШ–Кыргызстан Ишкердик кеңеши, АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча Финансылык корпорациясы (DFC), Невада университети (Рино), Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештер, ошондой эле GE Healthcare, Pfizer, Abbott, Nasdaq, StoneX, Cove Kaz Capital Group, Mooney Group, Equion Group, All American Rail Group, Pangea-Global LLC жана TETHYS: Trans-Eurasian Gateway сыяктуу ири эл аралык компаниялар катышууда.

Эки тараптуу жолугушууларда инвестиция, инфраструктура, саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт жана логистика, финансы рыноктору, ошондой эле заманбап технологияларды киргизүү багыттарындагы кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери талкууланды.

Белгиленгендей, эртең, 3-февралда Кыргызстан менен америкалык өнөктөштөрдүн ортосунда инвестициялык кызматташуу жөнүндө бир катар меморандумдарга кол коюу пландалууда.

197