Бишкек шаарындагы Тыныстанова-Медерова көчөлөрүнүн кесилишинде, 3, 4 бала кызыл түстөгү «Honda Civic» үлгүсүндөгү унаага кызды зордоп салып кеткен тасма интернетте, «27 жаштагы кызды ала качты» -деген ат менен, кече 6- апрелде тараган.
Бүгүн, кыз менен бир баланын жансыз денеси талаадан табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык 27 жаштагы Айзада Канатбекованын жана 31 жаштагы жигиттин жансыз денеси Аламүдүн районундагы Арашан жана Чокморов айылдарына жакын эгин талаадан, тасмадагы кызыл «Honda Civic» үлгүсүндөгү унаанын ичинен чыккан.
Окуя болгон жерге барган Биринчи Май РИИБнин тергөөчүлөрү кыз кыйноо менен өлтүрүлгөнүн, ал эми 31 жаштагы жигиттин бычакталганына күбө болушкан.
Алгачкы верциялар боюнча, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, жигит кызды кыйнап өлтүрүп, кийин өзүнө бычак сайган болушу мүмкүн.