7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте атайын техникаларды массалык түрдө тапшыруу болду (ФОТО)

514

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин муктаждыктары үчүн Кытайдын гранттык каражаттарынын негизинде келген 100 даана автотехника — 85 өрт өчүрүүчү унаалар, 10 авариялык-куткаруучу унаалар, 3 автотепкич жана 2 штаб үчүн унаалар тапшырылды. Бул техника өлкөнүн баардык аймактарына бөлүштүрүлүп берилет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 33 тез жардам унаасы сатылып алынды, алар дагы өлкөнүн бардык аймактарына бөлүштүрүлөт.

Мындан башка Бишкек шаарынын мэриясы республикалык бюджеттин эсебинен газ менен жүрүүчү 120 жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алды.

Мындан тышкары муниципалитетке дөңгөлөктүү тракторлор, багбанчылык машина-экскаваторлор, кран-манипулятор ж.б. сатып алынды.

Мамлекет башчысы “Ала-Тоо” борбордук аянтына коюлган жаңы техникаларды көрүп чыгып, алардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрү менен таанышты.

Президент өз сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге ыраазычылык билдирип, бүгүн кубанычтуу күн экенин — Кытай Эл Республикасы тарабынан гранттык негизде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине заманбап, кубаттуу атайын техникалар тапшырылып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен сатылып алынган тез жардам унаалары жана борбор шаарыбыздын калкын тейлөө үчүн автобустар тапшырылды.

Садыр Жапаров белгилеп өткөндөй, климаттын өзгөрүүсү кесепеттүү көрүнүштөргө себеп болуп, натыйжада жер көчкөн, сел жүргөн, суу каптаган, өрт чалган табият кырсыктары элибиздин жашоосуна бүлүк салып, экономикалык чыгымдарды алып келүүдө, мындан улам, өлкө калкы менен аймактардын коопсуздугун камсыздоо күн тартибинде турган башкы маселелердин бири болуп саналат.

“Эгемендүүлүк алгандан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзүнө жүктөлгөн милдетти татыктуу аткарып, ар кандай кооптуу абалга кабылган мекендештерибиздин өмүрлөрүн, ден соолуктарын сактап келет. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жана жалпы эле куткаруучулардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында заманбап техникалар менен камсыздайбыз деген убадалар чекесинен аткарылууда.

Сиздер өзүңүздөр күбө болгондой, бүгүнкү тапшырылып жаткан 100 даана өрт өчүрүүчү унаадан сырткары, жакында эле заманбап 2 тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 ар түрдүү техника сатып алганбыз. Жакында Россиядан 20 миллион долларга жакын суммага жардам иретинде 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир Ми-8 тик учагы келет. Ошондон кийин ӨКМ жакынкы 15-20 жылга керектүү техника менен камсыз болот.

Мына бүгүнкү техникалар куткаруучулардын издөө, куткаруу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерди жоюуга багытталган ишин жеңилдетип, ыкчамдыкты камсыздап, көп жарандардын ажатын ачарына жана элдин ыраазычылыгын аларына ишенем.

Сиздер менен биргеликте куткаруу кызматында кызмат өтөөнү өзгөчө сыймык алып келгидей кесипке айландырабыз”, — деди Мамлекет башчысы.

Андан соң ал жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугу үчүн күн-түн дебей нөөмөттө туруп, күрөшүп келе жаткан медициналык тез жардам кызматынын техникалык базасынын жаңыланып жаткандыгын белгиледи.

“Жарандарыбыздын саламаттыгына кам көрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын негизгиси катары кабыл алынган, андыктан тез жардам кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракеттерин мындан ары дагы улантабыз”, — деди Садыр Жапаров.

Мындан башка Мамлекет башчысы соңку жылдары ордо калаада автоунаалардын саны артып, жол тыгындары шаардын күн тартибиндеги башкы көйгөйүнө айланды.

«Автоунаалардын санынын көбөйүшү борбор калаанын экологиясына дагы терс таасирин тийгизе баштаганы коңгуроо катары кагылып келет. Мына ушундай ордо калаанын калкын убайымга салган коомдук транспорт маселеси боюнча атайын тапшырма берилип, газ менен жүрүүчү 120 автобус сатып алынды. Жакынкы 2 жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздайт. Эң башкысы сатылып алынган автобустардын Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык, коопсуздук сертификаттары бар. Шаарыбыздын инфратүзүмүн жакшыртып, көрктөндүрүү иштерин арттыруу үчүн муниципалдык ишканаларга 13 даана адистештирилген техника сатылып алынганын кошумчалай кетейин. Өлкөнүн визиттик карточкасы болгон борбор калаабыздын келбетин жакшыртуу иштери дагы улантылат, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталынын соңуна чейин дагы 64 даана техника сатып алабыз деп турабыз. Ажайып кооз жаратылышка ээ Кыргызстандын борбор калаасы дагы ошол керемет табиятка татыктуу болушу керек, биз бул багытта болгон күч- аракеттерибизди жумшайбыз”, — деди Мамлекет башчысы.

Сөзүнүн аягында Президент Садыр Жапаров Мекенге кылган ак кызматы үчүн куткаруучуларга, өмүр сакчыларына жана муниципалдык кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, катышуучуларды бүгүнкү маанилүү окуя менен дагы бир жолу куттуктады.

Борбор калаа үчүн экологиялык таза (газ) жаңы автобустар эл аралык стандарттарга жооп берет, 77 орунга ылайыкталган, анын 29у отурганга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да шарттары бар. Мындан тышкары, автобустар көзөмөл камералары жана мобилдик аппараттар үчүн usb-кубаттагычтар менен жабдылган. Бул автобустар абага бөлүнүп чыккан газдарды бир топ азайтат, бул Бишкек шаарынын экологиясына оң таасирин тийгизет.

ӨКМдин атайын өрт өчүрүүчү техникасынын курамына: 5 тонна суу көтөрүүчү унаалар, 8 тонналык куткаруучу унаалар, 50 метр бийиктикке чыгуучу өрт өчүрүүчү машиналар, куткаруу жаздыктары жана вертолет үчүн асма цистерналар кирет.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жергиликтүү климаттык шарттарда үзгүлтүксүз иштөө үчүн бардык стандарттарга жооп берген, ошондой эле биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү нерселер менен жабдылган 33 «Соболь» жана «ГАЗель» тез жардам унааларын сатып алды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515