7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте автобустун айдоочулары тартиптик жазага тартылды

312

«Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын 793 айдоочусу ишкананын «кара тизмесинде» кирди. Аталган маалымат борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Жунушалиевдин пландык кеңешмесинин жүрүшүндө айтылды.

Мэриядан белгилешкендей, 404 айдоочу тартиптик жазага тартылды.

Ошондой эле 2025-жылдын 20-июлунда №216 маршруттук каттамдын айдоочусу тарабынан жол эрежесин бузган факты боюнча катуу чаралар көрүлүп, айдоочу берененин негизинде кызматынан бошотулган.

Жыйында калаа башчысы жүргүнчүлөрдү ыңгайлуу ташуу үчүн айдоочулар тарабынан эреже бузууларды аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды күчөтүүнү, ошондой эле накталай эмес төлөм системасына толук өтүү планын аткарууну тапшырды.

313