Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген
187
Бишкекте аял батирин сатып, ири суммадагы акчасын шылуундарга алдатып жиберди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Г.Ч. аттуу аялга белгисиз жарандар түрдүү номерлер менен WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн УКМК жана банктын кызматкерлери катары тааныштырган. Алар жабырлануучуга психологиялык кысым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө мажбурлашкан.
Натыйжада аял өзүнө таандык батирин сатууга аргасыз болуп, андан кийин 22 миллион 130 миң сомун алдамчылардын эсебине которгон.
«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду. 19, 24 жана 28 жаштагы үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта, Нарын шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамын белгилөөгө катышты. Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү: “Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ар-намысы
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.
Бүгүн Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев Кытай Эл Республикасынын алдыңкы экологиялык технологияларды колдонгон «Цзюньсинь Хуаньбао Кей Джи Инвест» компаниясынын башкы
1-апрелден тартып медицина тармагынын кызматкерлеринин эмгек маяналары 100% көтөрүлөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Урматтуу достор,