Бишкекте аял батирин сатып, шылуундарга 22 млн. сом которуп берген
464
Бишкекте аял батирин сатып, ири суммадагы акчасын шылуундарга алдатып жиберди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Г.Ч. аттуу аялга белгисиз жарандар түрдүү номерлер менен WhatsApp аркылуу байланышып, өздөрүн УКМК жана банктын кызматкерлери катары тааныштырган. Алар жабырлануучуга психологиялык кысым көрсөтүп, ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүүгө мажбурлашкан.
Натыйжада аял өзүнө таандык батирин сатууга аргасыз болуп, андан кийин 22 миллион 130 миң сомун алдамчылардын эсебине которгон.
«Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду. 19, 24 жана 28 жаштагы үч шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп жазылат маалыматта.
Нарын шаарында Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева “Балдар маанилүү нерселер жөнүндө бизди угушат” деген аталыштагы жолугушууга катышты.
Кара-Кулжа районунун борбордук базарында эт жана көмүрдүн баалары текшерилди. Райондук администрациядан билдиргендей, мониторинг учурунда бааларды улуттук валютада көрсөтпөгөн эки эт
Ош шаарындагы «Ош-Сити» IT-шаарчасынын курулушу текшерилди. Курулуш министрлигинен билдиргендей, долбоор 32 лоттон туруп, 4төн 36 кабатка чейинки турак үйлөрдү камтыйт.
Ысык-Көлдүн акваториясын тазалоо учурунда жалпы узундугу 1 300 метр болгон эски синтетикалык торлор чыгарылды. Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара
Кыргызстандагы коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары кардарлардын акча которууларын текшерип, шектүү транзакцияларды бөгөттөй турган антифрод системасын киргизүүгө милдеттүү. Бул тууралуу