7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте аял патрулдук унаанын терезесин талкалап салган

373

Бишкекте 11-январда хулиганчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ИИБнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-январда таңкы саат бештер чамасында «102» пультуна Медеров — Абай көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Кипиш» түнкү клубунун алдында аял патрулдук унаанын терезесин талкалаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Хулиганчылык» беренеси боюнча катталган.

Патрулдук милиция шектүү катары 1993-жылы туулган М.Ш. аттуу жаранды ИИБге жеткирген. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал милициянын талаптарына баш ийүүдөн баш тартып, аларды кордоп, унаанын арткы сол терезесин сындырган.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.

 

374