Бишкекте уюлдук телефон уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, 11-мартта «102» кызматына Хвойная көчөсүндө уурулук болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда жеринде 34 жаштагы Т.Н. аттуу аял арыз менен кайрылып, белгисиз жарандар «Самсунг-А 30А» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алганын билдирген.
Ыкчам кармоо иш-чараларынын негизинде шектүү катары 32 жаштагы Ө.К. жана 29 жаштагы Ы.М. аттуу жарандар кармалып, Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.
Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.