Социалдык тармактарда үйдүн короосунда унаа айланып, жубайын кубалап кармап сабаган шектүүнүн видеосу тарады.
Бүгүн, 24-апрелде милиция кызматкерлери бейбаштыкка шектүү жаранды кармашкан. Милицияга анын аялы арыз менен кайрылып, жолдошуна чара көрүүнү суранган.
Келиндин айтымында, 21-апрель күнү Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунун Кегете-Таш көчөсүндөгү үйүнүн короосунда жүрүп, денесине эч себепсиз залал келтирген. Аталган факты Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон. 1996-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган.