7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте бүгүнтөн тарта автобустарда накталай төлөм толугу менен токтотулду

24

Бишкек шаарында бүгүн, 1-июлдан тарта коомдук транспортто жол кирени төлөөнүн жаңы тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу мэрия маалымдады.

Эми жүргүнчүлөр автобустарда жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard, Элкарт банктык карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм кызматтары аркылуу гана төлөй алышат. Муну менен накталай акча менен төлөө толугу менен токтотулду.

«Тулпар» картасы жок жарандар Pay24 төлөм терминалдары аркылуу бир жолку электрондук билет сатып алып, андагы QR-кодду автобустагы валидаторго жакындатуу менен жол киресин төлөй алышат.

Мындан тышкары, жаңы тартипке ылайык, биринчи төлөм жүргүзүлгөндөн кийин 60 мүнөттүн ичинде жүргүнчүлөр автобустарды төрт жолуга чейин кошумча акы төлөбөстөн алмаштыра алышат.

25