Бишкек шаарында көп балалуу энелер салтанаттуу түрдө «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
- Алсак, Биринчи май району боюнча 17 эне «Баатыр эне», 13 эне «Эне даңкы» наамын алышты.
- Октябрь районунда 4 эне «Баатыр эне» орденин алса, 7 эне «Эне даңкы» медалы менен сыйланышты.
- Свердлов районунда 14 эне «Баатыр эне» ордени жана 23 эне «Эне даңкы» медалдары менен сыйланган.
- Ленин району боюнча 37 эне «Баатыр эне», 16 эне «Эне даңкы» наамын алышкан.
Борбор калаанын төрт районунун акимдери энелерди татыктуу мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктап, чың ден соолук, бакыт-таалай жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалашты.