7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чаралардын тизмеси

659

Бишкек мэриясы Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык программа даярдады. Майрамдык салтанаттар «Ала-Тоо» борбордук аянтында жана шаардын ар бир районунда өткөрүлөт.

Бүгүн саат 10:00дөн 21:30га чейин Ала-Тоо аянтында Биринчи балалык фестивалы өттү. Коноктор үчүн фуд корттор, оюнчук жарманкелери жана оюн-зооктор уюштурулууда.

Балдарды жана алардын ата-энелерин этно оюндар, шашки, шахмат жана улуттук оюндар боюнча турнирлер, көркөм сүрөт искусствосу боюнча мастер-класстар, цирк, бет сүрөт, бий сынактары, ыр сынагы жана жаш сүрөтчүлөрдүн сынагы күтүүдө.

Ал эми саат 17.30да аянтта концерт башталат. Конокторго «Наристе» фестивалынын катышуучулары жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт беришет.

Саат 20:00дө балдардын интернет-контентинин сегментинде феноменге айланган D Billions музыкалык тобунун чыгышы белгиленген.

Аталган майрамдык концертти 20:30дан тартып 7-каналдын социалдык тармактагы баракчаларынан түз эфирде көрө аласыздар!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

660