Бишкекте балдарга ийненин сыныктары кошулган момпосуй таратты делген эркек киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милиция билдирди.
Маалыматка караганда, укук коргоо органдарына Ак-Ордо конушунда белгисиз жаран балдарга момпосуй таратып жүргөнү, кийин алардын ичинен ийненин сыныктары табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары Н.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Анын жашаган жерин тинтүүдө момпосуйлар жана башка далил буюмдар алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.