7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте белгисиз адамдар эки баланы сабап кетишти

899

Бишкекте белгисиз адамдар эки баланы сабап кетишти. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-майда  Бишкек ШИИББинин «102» номуруна билдирүү келип түшкөн. Анда Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде адамдар тобу ортосунда жаңжал чыкканы кабарланган.

«Троллейбус станциясынын жанында бир нече белгисиз адамдар эки жаранга физикалык күч колдонуп, денесине залал келтиришкени жана белгисиз тарапка качып кетишкени аныкталды. Жабырлануучулар Улуттук госпиталга жеткирилген. Алардын бири арыз жазган. Экинчи жабырлануучу, 1996-жылы туулган жаран эч кимге дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан»,-деп берилет маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин (Бейбаштык) беренеси менен сотко чейин өндүрүш иши башталды. Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.  Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

900