7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламент өкүлдөрү чогулду

186

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Борбор Азия мамлекеттеринин «Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламенттери: аймакты комплекстүү өнүктүрүү үчүн эффективдүү чечимдер» аттуу III Парламенттер аралык форум башталды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Казакстан парламентинин Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Тажикстан Жогорку Жыйынынын Улуттук Кеңешинин төрагасы Рустами Эмомали жана Өзбекстан Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева катышууда. Ал эми Түркмөнстандын атынан аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Нуры Голлиев келди.

Тараптар форумдун алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин парламенттер аралык кызматташтыгын чыңдоо аркылуу туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоо, миграциялык процесстерди жөнгө салуу жана санариптик чөйрөнү өнүктүрүү маселелерин талкуулай тургандыгы күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейинки форумдар 2023-жылы Казакстанда, ал эми 2024-жылы Өзбекстанда өткөн.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

187