7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте борбордук аянтта жаңы жылга карата концерт өтөт

991

Бишкекте борбордук аянтта жаңы жылга карата концерт өтөт. Бул тууралуу Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаанын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен бирге жаңы жылды тосуу боюнча жыйынтыктоочу кеңешме өткөрдү.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын айтымында, негизги майрамдык иш-чара 31-декабрда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында концерттик программа менен коштолуп, эстрада артисттеринин катышуусунда уланат.

Ошондой эле мэр коомдук тартипти камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, борбордун укук коргоо органдарына шаарда, өзгөчө шаардыктар көп топтолгон жерлерде тартипти көзөмөлдөөнү жана сактоону тапшырды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

992