Бишкекте жол кырсыгы катталып, 35 жаштагы айдоочу бакты сүздү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токомбаев менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, кырсыктын кесепетинен Lada унаасынын 1986-жылы туулган Т.А. аттуу айдоочусу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Айдоочу мас абалында болгон.
Унаа айып аянтчасына киргизилген.