Бишкекте чет элдик жарандардын мушташы боюнча социалдык тармактарда видео тарады. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы төмөндөгүлөрдү билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Жеңиш аянтында азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдардын ортосунда жаңжал чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
«Учурда Свердлов РИИБдин кызматкерлери мушташка катышкандардын бардыгын аныктоо боюнча издөө иштерин жүргүзүшүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Посмотреть эту публикацию в Instagram