7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте дүкөн тоноого аракет кылган 31 жаштагы жаран кармалды

925

 

Бишкек шаарында дүкөндү тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-мартта саат 05:02 чамасында милиция бөлүмүнө Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн чакыруу келип түшкөн.

«Саат 05:06 убактысында кармоо тобу чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкашкан. Ичинен 30-35 жаштагы жаран качууга аракет кылганда милиция кызматкерлери кармашып, Свердлов РИИБине жеткиришкен. Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң кылмышка шектүү Ош шаарында 1990-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал дүкөндү тоноого атайын бычак, мык суургуч алып даярданып келген», — деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

926