Бишкек шаарында дүкөндү тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 27-мартта саат 05:02 чамасында милиция бөлүмүнө Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн чакыруу келип түшкөн.
«Саат 05:06 убактысында кармоо тобу чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкашкан. Ичинен 30-35 жаштагы жаран качууга аракет кылганда милиция кызматкерлери кармашып, Свердлов РИИБине жеткиришкен. Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң кылмышка шектүү Ош шаарында 1990-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал дүкөндү тоноого атайын бычак, мык суургуч алып даярданып келген», — деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.