7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Ден соолукту чыңдоо комплексинин жана сейил бактын ачылышы болду

152

Бүгүн, 19-сентябрда Бишкек шаарында Мурман жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан сейил бак менен Ж.Алыкулов атындагы ден соолукту чыңдоо комплексинин ачылыш аземи болуп өттү.

Маалыматка караганда, жалпы аянты — 2,48 гектарды түзөт. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев катышты.

Сейил бактын аймагына резина жабылган балдар аянтчасы, воркаут-зона, 810 чарчы метр чуркоо жолу курулуп, 3 300 чарчы метр таман таш төшөлдү. Ошондой эле отургучтар, жарыктандыруучу чырактар, шахмат столу бар аянтча жана таштанды урналары орнотулду.

Мындан тышкары, 150 даана дарак отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы менен 414 даана суу агызуучу жана дренаждык лотоктор орнотулду. Бул объект шаарды жашоого ыңгайлуу кылуу, спортту өнүктүрүү жана жашыл фондду көбөйтүү максатында ишке ашырылды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

153