Мындан сырткары, аталган обьект боюнча капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары “Д.” акционердик коомунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, аткарылган жумуштар үчүн 3 млн. 6 миң сомго баасы негизсиз көбөйтүлгөн актыга кол коюшкан.
Ошондой эле, 2017-2018-жылдары “И.Т.” жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн келишим боюнча Бишкек шаарындагы №10 орто мектепте 31 млн. 346 миң сомдук капиталдык ондоо иштери жүргүзүлүп, жасалбаган иштер үчүн 2 млн. 214 миң сомго негизсиз көбөйтүлгөн жумуштарды кабыл алышкан.
Башкача айтканда, борбор калаадагы №10 жана №46 орто мектептерде жүргүзүлгөн капиталдык ондоо иштерди кабыл алууда мамлекетке 5 млн. 830 миң сом зыян келтирилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 329-беренеси (кызматтык жасалмачылык) менен катталып, тергөө иштери башталды.