7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте электр жарыгы өчүрүлө баштаганына байланыштуу жол чырактар узгүлтүккө учурап жатат

139

Борбор калаада жол чырактардын иштебей калып жаткандыгы боюнча “Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы төмөнкүлөрдү билдирет:

“Бишкек шаарында акыркы убактарда өчүп жаткан жол чырактар муниципалдык ишкананын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, кайра иштетилүүдө. Бирок райондук электр тармактары тарабынан электр жарыгынын өчүп жаткандыгына байланыштуу жол чырактар байма-бай өчүп жатканы катталууда. Өз кезегинде ишкана тарабынан жол чырактарды өз калыбында иштетүүгө бардык иш-аракеттер көрүлүп жаткандыгын маалымдайбыз”-, деп билдирет маалыматта.

Эгер калаа жолдорунан жол чырактын иштебей жатканын байкасаңыз, дароо төмөнкү номурларга кабарлоону суранабыз.

0504 88-90-99
0559 88-90-99
889099
650180

“Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.

 

 

140