7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борбору кайрадан ишке кирди

329

Бүгүн капиталдык оңдоодон өткөн Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңыланган имараты расмий түрдө колдонууга берилди.

Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өзүнүн расмий баракчасында маалымдап, борборго барып, жамаат менен жолугуп, оңдоо иштеринин жыйынтыгы менен таанышканын билдирди. Анын айтымында, ар бир палата, коридор, инженердик система жана имараттын кире бериш бөлүгү заманбап стандарттарга ылайык толугу менен жаңыртылды. Учурда бейтаптар жана медицина кызматкерлери үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Муну менен катар Каныбек Туманбаев Азербайжан Республикасынын демилгеси менен Бишкек шаарында дагы бир заманбап оорукана куруларын кабарлады. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат.

330