7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтүп жатат

573

Бүгүн, 5-ноябрда Ала-Арча резиденциясында «Европа бирлиги – Борбор Азия» биринчи экономикалык форуму өтүп жатат. Бул тууралуу кабарчы Нуржан Султанбекова жеринен билдирди.

Маалыматка ылайык, форум алкагында жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү, сергек ишкер чөйрөнү түзүү маселеси талкууланууда.

«Форум COVID-19 пандемиясынын кесепетинде келип чыккан социалдык-экономикалык каатчылыктан соң жашыл жана туруктуу калыбына келтирүүнү колдоого алууда координацияланган экономикалык жооп кайтаруу чараларын иштеп чыгууга жана аны талкуулоого багытталган. Форумга Президент Садыр Жапаров өзү катышып Европа Биримдигинин алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн делегаттары менен жолугатү. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлеринин жана өкмөт башчыларынын орун басарларынын деңгээлинде өтөт. Европа Бирлигин Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис көрсөтөт. Мындан тышкары, Европа Бирлиги өлкөлөрүнөн жогорку деңгээлдеги өкүлдөр, тышкы иштер министрлери, атайын өкүлдөр, ошондой эле атайын жана ыйгарым укуктуу элчилер катышат», — деп берилет маалыматта.

Ошондой эле форумга бир катар эл аралык уюмдардын, финансы институттарынын, анын катарында Дүйнөлүк бажы уюмунун жана Энергетикалык хартиянын жетекчилери, ишкер чөйрө жана банк секторунун өкүлдөрү катышышат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

574