7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Байсалов: Биздин регион тынч жана туруктуу аймак, демек дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз…

432

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк» бизнес-форумуна катышты.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мындай форум алгач ирет өтүүдө жана ал Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги жана Борбор Азиядагы өнөктөштөр алдында турган маанилүү маселелерди талкуулоого арналган.

«Жаратылыштык жана адамдык ресурстарга бай Борбор Азия мамлекеттерин айрым алып караганда, регион олуттуу мааниге ээ болуусу үчүн анын чакандыгы жана ыраак жайгашкандыгы тоскоолдук жаратат, ошол эле учурда жалпысынан регион катары биз Европа Биримдигине өз «көз-карашыбызды» сунуштай алабыз. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү – биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, биз күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрүбүздүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздап, жакырчылыкты төмөндөтүп, курч социалдык көйгөйлөрдү чечип, этностор ортосундагы биримдикке өбөлгө түзүп, заманбап дүйнөдөгү башка коркунучтарды жеңип чыгууга, биринчи кезекте биздин өлкөлөрдү климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялоого жана анын кесепеттерин жумшартууга мүмкүндүк алабыз.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар биздин өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгып, иш-чарага катышуучу өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын оңдуу багытта өнүгүүсүнө жана анын чыңдалышына өз салымын кошот, ошондой эле жаңы өз ара пайдалуу демилгелерди ишке ашырууга көмөк берет деген ишенимин билдирди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

433