7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте хоккей боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

574

Бүгүн, 18-ноябрда “Бишкек арена” шаардык муз аянтчасында жаш жеткинчектер арасында хоккей боюнча “Bishkek Arena Cup” эл аралык мелдеши старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземине Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орунбасары-Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев, КР ЖК депутаты Дастан Бекешов, АКШнын Кыргызстандагы элчисинин маданият, спорт жана билим берүү тармагындагы кеңешчиси Вероника Элкинс, Кыргыз Республикасынын Хокей федерациясынын вице-президенти Асел Абдагулова, спорт мектептеринин директорлору, спортчулар жана күйөрмандар катышты.

Канат Шабданбаев мелдештин катышуучуларын куттуктап, жаштар арасында хоккей боюнча мелдештердин өткөрүлүүсү Кыргызстанда кышкы спорттун өнүгүүсүнө чоң салым болоорун билдирди.

Белгилей кетсек, мелдеш 19-ноябрга чейин уланат. Жалпы 6 команда: 1)ХК Динамо Алматы 2) ХК Стрижи 3) ХК Рахимжан 4)ХК Нарынские Ястребы 5)ХК Локомотив 6) ХК Алга Юниор катышып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575