7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте «Honda Fit» унаасын айдап качкан 3 жигит кармалды

772

Бишкекте унаа айдап качканга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 10-апрелде милицияга Б.А. аттуу жаран кайрылып, анда Фрунзе көчөсүндөгү үйүнүн алдында токтоп турган «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар айдап кеткенин билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 211-берене (унаа транспорт каражаттарын айдап качуу) менен каттоого алынып, тергөө амалдары башталган.

Теришитирүү иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 20 жаштагы С.М., 19 жаштагы С.М. жана 20 жаштагы А.Б. аттуу жигиттер кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Уурдалган унаа табылып, ээсине өткөрүлүп берилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

773