Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча Кыргызстандын рекордун жаңылады. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасы билдирет.
Маалыматка ылайык, спортчу жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 даана вагонду жана кошумча салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин жылдырган. Ал эми жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 кгды түзгөн.
«Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы коюлган рекордду ал Кыргызстандын жалпы элине арнай турганын билдирди»,- деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, иш-чара 22-апрель күнү өткөн.