Бишкек шаарында жайгашкан 2 кабаттуу имараттан өрт чыгып, толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой борбор калаанын Свердлов районунун Элебесов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 2 кабаттуу имараттан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Имараттын 1-кабатында дүкөн, ал эми 2-кабатында тигүүчү цех жайгашкан. Өрт имараттын чатырын жана 2-кабатын каптаган.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана Штаб тартылган. Такталган маалымат боюнча жабыркагандар жок.