7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте IV Элдик курултайды өткөрүүгө даярдыктар талкууланды

18

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгы алдында Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Катышуучулар IV Элдик Курултайга даярдык көрүүгө тиешелүү негизги маселелерди, ошондой эле аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө багытталган чаралардын комплексин талкуулашты.

Марат Иманкулов жыйынды ачып, алдыдагы Курултай коом менен мамлекеттик институттардын ортосундагы ачык жана конструктивдүү диалог үчүн, ишенимди жана өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү натыйжалуу аянтча болууга тийиштигин белгиледи.

Президенттин Администрация Жетекчисинин орун басары — Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев республика боюнча делегаттарды шайлоо процедуралары аяктаганын маалымдады.

Делегаттарды шайлоо республиканын 231 айылдык аймагында жана 33 шаарында өтүп, IV Элдик Курултайдын өкүлчүлүктүү курамын түзүүдө маанилүү этап болуп калды. Анын жыйынтыгында өлкөнүн бардык аймактарынан келген жарандардын кеңири пикирин жана кызыкчылыктарын чагылдырган 700 делегат элдин атынан чыгып сүйлөөгө укук алышты.

Мындан тышкары, уюштуруу-техникалык даярдык маселелери, анын ичинде логистика, делегаттарды жайгаштыруу жана коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле бардык даярдык процесстерин натыйжалуу координациялоо үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү администрациялар менен өз ара аракеттенүү маселелери каралды.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына IV Элдик Курултайды жогорку деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.

19