7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тоң районунда балык кармоочу тосмолор орнотулду

329

Тоң районундагы Ысык-Көлдүн куймаларына балык кармоочу тосмо (верша), шандорлор орнотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ал балыктар кире алган, бирок кайра чыга албай турган өзгөчө кармоочу шайман болуп, балык уругун табигый жана жасалма көбөйтүү максатында колдонулат.

Учурда балык кармоочу тосмо (верша) курулуп бүтүп, анын негизинде Ысык-Көл форели балыгынын уругун алуу жана жасалма жол менен көбөйтүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул иштер экологиялык жана биологиялык талаптарга ылайык, туруктуу балык запасын камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда.

330