7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте Jaz Demi жазгы жарым марафону өтөт

314

Бишкекте 13-апрелде жазгы жарым марафон — Jaz Demi өтөт.

Старт жана финиш «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинин аймагында уюштурулат.

Быйылкы иш-чарага 3800гө жакын спортчу жана дени сак жашоо образын карманган жарандар катышат. Жарыш алкагында 5 км, 10 км жана 21.1 км аралыктагы дистанциялар каралган. Ошондой эле 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар үчүн атайын «Kid’s Run» жарышы уюштурулат.

Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, жарым марафондун жүрүшүндө 7:30дан 11:00гө чейин айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Абсамат Масалиев проспектисинин түштүк бөлүгүндө — Б.Алыкулов жана Жайыл баатыр көчөлөрүнүн кесилишинен тартып, А.Бакаев жана А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине чейин кыймыл токтотулат.

Иш-чараны «Nomad Sport» коомдук бирикмеси Бишкек шаарынын мэриясынын жана мамлекеттик органдардын колдоосу менен уюштурууда.

315