7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Базарда бар, мектепте жок: Окуу китептеринин сатылышы текшерилет

147

Мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери базарларда, дүкөндөрдө жана интернетте сатылып жатканы тастыкталды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Учкун» басмаканасынан чыккан окуу китептери базарда сатылып жатканын, ошол эле учурда айрым мектептерде китеп жетишсиз экенин айткан.

Ушуга байланыштуу Агартуу министрлиги Башкы прокуратурага, УКМКга жана ИИМге кайрылып, тиешелүү чараларды көрүүнү өтүндү.

Министрлик жеке менчик мектептер окуу китептерин «Учкун» басмаканасы менен келишим түзгөндөн кийин гана сатып ала аларын белгиледи.

148