7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаа» мекемесинин Чүй-Кемин бөлүмү үчүн жаңы имарат курулууда

146

Токмок шаарында Мамлекеттик транспорт каражаттарын жана айдоочуларды  каттоо борборунун Чүй-Кемин бөлүмү үчүн жаңы административдик имарат курулууда.

Борбордон билдиришкендей, курулуштун жүрүшү менен президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов жана борбордун директору Тынычбек Саидов таанышты.

Жаңы имаратта унааларды жана айдоочуларды каттоо, ошондой эле теориялык жана практикалык сынактарды өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлөт. Мындан тышкары, практикалык сынактар үчүн заманбап автодром курулат.

Борбордун маалыматына караганда, жаңы имарат Чүй жана Кемин райондорунун, ошондой эле Токмок шаарынын тургундарына кызматтарды бир жерден алууга мүмкүнчүлүк берет.

147