Бишкекте кардан көчөлөрдү жана тротуарларды  тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда 121 жүктөгүч, 650 тазалоочу жана 715 жумушчу калаанын көчөлөрүн кардан тазалоодо. Мындан тышкары, 38 даана атайын техника: МАЗ үлгүсүндөгү 26 кар тазалоочу, 4 универсал УКМ, 4 «Беларусь» кичи трактору, 2 фронттук жүктөгүч жана ЗИЛ базасындагы 2 кум чачуучу техника тартылган.

Эртең менен 20 тонна техникалык туз сарпталып, туз себүү шаардын 133 көчөсүндө жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорттор штаттык режимде иш алып барууда.