7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте кармалган УКТ мүчөлөрү Азербайжанга өткөрүлүп берилди

498

Мурда Бишкекте кармалган трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Азербайжандын расмий органдарынын өтүнүчү менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

22-мартта УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Киев-Совет көчөлөрүнүн кесилишинде трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар экендиги аныкталган Азербайжандын 5 жараны кармалган.

20-мартта «Ак-Жол» автожол көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстандын аймагына Азербайжандын 5 жараны келип, алар өздөрүнүн кылмыштуу таасирин, анын ичинде криминалдык идеологиясын жайылтуу жана күчөтүү максатында Кыргызстандын аймагында туруктуу уюшкан кылмыштуу топтордун системасын түзүүнү, ошондой эле эң оор кылмыш, буюртма менен киши өлтүрүүнү пландашкан.

Аталган адамдардын чындыгында эле кылмыштуу топторго тиешеси бар экендиги аныкталып, алар КР жарандарына коркунуч келтирген. Ошондой эле Азербайжан тараптын өтүнүчү боюнча укук коргоо органдары менен мурда түзүлгөн келишимге ылайык, 7-апрелде «Манас» эл аралык аэропортунун аймагында Азербайжандын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

 

499