2026-жылдын 4-октябрында Суучулдар кызматынын суучулдары тарабынан Токтогул суу сактагычында тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Тазалоо иштеринин жүрүшүндө суу сактагычтын түбүнөн:
- жалпы узундугу болжол менен 900 метр болгон 9 даана балык уулоочу тор;
- ар кандай таштандылар салынган 2 кап чыгарылды.
Мындай иштер суу объектилерин таштандылардан жана балык уулоочу мыйзамсыз торлордон тазалоого, ошондой эле суу экосистемасын сактоого багытталган.



