Бүгүн, 5-октябрь Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди.
Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +9…14, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +16…+21, Ысык-Көлдө +12…+17, Нарын регионунда +11…+16 градусту түзөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек, Чолпон-Ата шаарларында +12…+14, Ош калаасында +18…+20 градусту көрсөтөт.



