7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

10

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Өкмөт башчы күчтүү, өнүккөн жана атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетти куруу жолунда билим берүүнүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.

«Адамзат коомун өргө карай сүрөгөн, азыркы космоско кол серметкен, асман тиреген бийик имараттарды, жолдо жүрүүчү, куруучу, океанды аралаган, асманда чабалаган техниканы жасаганга өбөлгө болгон, тарыхый прогресстин кыймылдаткыч күчү болгон билим. Ошол билимди бир тамчыдан жыйнап океанга айланткан, муундан муунга өткөргөн, жаңы муундарды таптап, тарбиялаган, билим берген, акыл бөлүшкөн тарбиячылардын, мугалимдердин, окутуучулардын, илимий кызматкерлердин жана башка адистердин эмгеги баа жеткис» — деп айтылат куттуктоосунда.

Касымалиев мугалимдердин күжүрмөн эмгеги, кесипкөйлүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык ийгилик каалады.

11