Бүгүн «Бишкек арена» стадионунун расмий ачылышына акысыз автобустар каттайт. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Автобустар саат 15:00дөн 17:30га чейин каттап, ал эми иш-чара аяктаган соң көрүүчүлөрдү кайра алып кетет. Жалпысынан 10 каттам уюштурулат.
Автобустар төмөнкү чекиттерден чыгат:
- Өчпөс от — Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
- Батыш автобекети — Жибек Жолу проспекти менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши;
- Киркомстром — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;
- Асанбай кичирайону — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;
- Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13б/1;
- Аламүдүн-1 кичирайону — Ауэзов көчөсү, 4;
- Көк-Жар конушу — Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;
- Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;
- Абдумомунов көчөсү, 220;
- Сухэ-Батор көчөсү («Глобус» гипермаркети).
Уюштуруучулар шаардыктарды автобус чыга турган жерлерге эртерээк келүүгө чакырат.
«Бишкек арена» стадионунун ачылышына 60 миңге жакын көрүүчү келери күтүлүүдө. Салтанаттын алкагында чоң шоу-концерт өтөт. Кирүү акысыз.



