7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт

711

Эртең 6-июлда, «Түндүк электр» ишканасы карызын төлөбөй жүргөн 6,1 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган абоненттердин карызы беш миллион эки жүз миң сомду түзөт. Жарык «Акылдуу эсептегичтердин» жардамы менен аралыктан өчүрүлөт. «Түндүк электр» абоненттерин карызды төлөөгө чакырат.

Ошондой эле балансты «Түндүк электрдин» 1209 номери аркылуу колл-борборуна чалып тактаса болот. Мындан сырткары, кардар (0551) 00-12-09 номерине билдирүү жазып, жооп алса болот.

Белгилей кетсек, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, «БТА банк» төлөм терминалдары аркылуу, ошондой эле UMAI, «Элсом» электрондук капчыктары жана «Айыл банк», «ДосКредоБанк», «БТА банк», «Кыргызстан» коммерциялык банкы жана «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кассаларынан төлөөй алат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

712