- Киев көчөсүндө темир чатыр 14 жаштагы өспүрүмдүн үстүнө кулаган. Натыйжада бала “жамбаш сөөгүнүн сынышы, баш мээнин жабык травмасы, маңдай бөлүгүнүн жаракаты” диагнозу менен ооруканага жаткырылган.
- 41 жаштагы аял отурган унаанын үстүнө бак кулаган. Окуя Щербаков жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу “баш мээнин жабык жаракаты, баш мээси чайкалган” деген диагноз менен ооруканага жаткырылды.
Булак: Спутник