20-сентябрда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалыгынын алкагында терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иш-чараны КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана КМШга мүчө мамлекеттердин Антитеррордук борбору уюштурду.
Конференцияга төмөндөгү жетекчилер катышты:
КМШга мүчө 8 мамлекеттин компетенттүү органдары (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы, Тажикстан, Өзбекстан Республикалары);
КМШга мүчө болбогон ШКУга мүчө 4 мамлекеттин (Индия Республикасы, Иран Ислам Республикасы, Кытай Эл Республикасы, Пакистан Ислам Республикасы) жана ШКУга байкоочу мамлекеттин (Монголия) компетенттүү органдары;
КМШнын 10 уставдык жана тармактык органдарынын жумушчу түзүмдөрү (Аткаруу комитети, Коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилеринин кеңеши, Парламенттер аралык ассамблеянын кеңеши, Чек ара аскерлеринин колбашчыларынын кеңеши, Башкы прокурорлордун Координациялык кеңеши, Ички иштер министрлер кеңеши, Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңеши, Бажы кызматтарынын жетекчилеринин Кеңеши, Мамлекеттер аралык авиациялык комитет, Антитеррордук борбор);
8 эл аралык уюмдардын аткаруу органдары (БУУнун Терроризмге каршы бюросу, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Терроризмге каршы комитетинин аткаруучу директору, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аналитикалык колдоо жана санкциялар боюнча мониторинг тобу, БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасындагы Программалык кеңсеси, Эл аралык кылмыш полициясы уюмунун Башкы катчылыгы (ИНТЕРПОЛ), ЕККУнун Кыргызстандагы Программалык кеңсеси, Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топ, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Катчылыгы жана биргелешкен штабы, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Терроризмге каршы аймактык түзүмүнүн катчылыгы жана аткаруу комитети, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин катчылыгы, баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы күрөшүү боюнча Борбордук Азиялык аймактык маалыматтык координациялык борбор);
3 илимий-изилдөө жана билим берүү уюмдары (КМШга мүчө мамлекеттердин терроризмге жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы туруу көйгөйлөрүн изилдөө боюнча Базалык уюму, М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Россия Федерациясынын Аскердик илимдер академиясы).
Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар:
терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча улуттук тажрыйбалары менен алмашышты, бул иш-чараларды жана терроризмге каршы эл аралык кызматташууну илимий жактан камсыз кылуунун абалын талкуулашты;
КМШда террористтик коркунучтардын калыптануу жана өсүү тенденцияларын карап чыгышты, Шериктештиктин чек араларына жакын жерде чыңалуунун очокторун жаратып жаткан Ооганстандагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир катар мамлекеттердеги кырдаалга тынчсыздануусун билдиришти, Борбордук Азия чөлкөмүнүн мамлекеттеринин аймактарына кирүүнүн өсүп жаткандыгы, анын ичинде миграциялык жол менен жана ЭТУнун согушкерлеринин качкындарынын агымы аркылуу кирүүсү, согуштук кагылышуу зоналарынан курал-жарактардын жана ок-дарылардын алып чыгарылышы, ошондой эле террористтер тарабынан жаңы маалыматтарды жана техникалык жетишкендиктерди – жасалма интеллект технологияларды, учкучсуз системалар жана роботтук системаларды кылмыштуу ишмердүүлүгүндө колдонуусу боюнча тынчсыздануусун билдиришти;
терроризмге каршы көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого бекем умтулгандыктарын ырасташып, анда терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоодо БУУнун ролу борбордук экенин белгилешти, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөштө КМШ, ШКУ, ЖККУ, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча Евразиялык топ, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, Борбордук Азия аймактык маалыматтык координациялык борбору сыяктуу аймактык түзүмдөрдүн кеңири мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен БУУнун жана КМШнын антитеррордук программаларында каралган практикалык чараларды системалуу түрдө ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.
КМШ мамлекеттеринин аймагында терроризмге жана экстремизмдин башка көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүү проблемаларын изилдөө боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин Негизги уюмунун антитеррордук иш-чараларды илимий жактан камсыз кылуудагы ролун, анын ишинин оң натыйжаларын, анын ичинде 2023-2027-жылдарга даярдалган илимий изилдөөлөрдүн келечектүү программасы жана Шериктештик мейкиндигинде болжолдонгон террордук коркунучтарга макулдашылган баа берилгенин белгилешти.
Талкууну эске алуу менен Конференциянын катышуучулары КМШга мүчө-мамлекеттердин терроризмге каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүүгө, компетенттүү органдар менен эл аралык уюмдардын, анын ичинде маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатууга багытталган иштерди улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.
Тараптар КМШда илимий уюмдардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүүнүн эффективдүү ыкмаларын жана технологияларын иштеп чыгуу зарылчылыгы жөнүндө макулдашты жана терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча илимий-методикалык басылмаларды алмашуу практикасын улантууну жактап чыгышты.
Конференциянын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын май айында Москва шаарында КМШ ТКБ жана ШКУ РТКТ ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумду салтанаттуу алмашуу аземи болуп өттү.
Кол коюлган Меморандум кызматташуунун топтолгон тажрыйбасынын жыйынтыктарын, укуктук, координациялык, маалыматтык-аналитикалык, билим берүү, усулдук жана илимий-уюштуруучулук чөйрөлөрүндө биргелешкен иш-чараларды жүргүзүүнүн белгиленген практикасын чагылдырат.
Документ уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү багытын улантат жана антитеррордук чөйрөдөгү мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча түрткү берет.
Конференциянын жыйынтыгы боюнча Корутунду документ кабыл алынды.