7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коңшу үйгө ураган көп кабатуу имараттын депутат Жусупбек Коргонбай уулуна кандай тиешеси бар?

1468

Кечээ Бишкекте курулуп жаткан көп кабатуу имараттын дубалы жанаша жайгашкан үйгө ураган. Кесепетинен 1958-жылы туулган аял киши жабыркаганы маалым болгон. Кийинчерээк мэрия 2011-жылы туулган бала да жабыркаганын билдиришкен.

Социалдык тармактын колдонуучулары имаратты куруп жаткан компаниянын ээси Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна таандык экенин жазып чыгышты. Депутат окуя боюнча үн катып, өзүн саясатка кеткен адам экенин билдирди.

«Бишкектеги Жаш гвардия бульварындагы кырсык боюнча жана массалык маалымат каражаттарындагы мага тиешелүү маалымат боюнча түшүндүрмө бере кетсем. Кырсык каш-кабактын ортосунда экен. Биринчиден, жабыр тарткан адамдарга бардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз. Ал эми мен бул курулуш мекемеде негиздөөчүлөрүнүн бири болгом. Мыйзамга ылайык, депутаттык мандат аларда ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергем. Азыр ал жерде өзүнүн мүдүрү бар. Тиешелүү документтердин баары алардын колунда. «KG Восток Сервис» курулуш мекемеси өзүлөрүнүн объектисинде болуп жаткан иштерге жоопкерчиликтүү мамиле жасарына ишенем. Бирок ошол эле учурда мага жасалып жаткан кара пиар, күч алып баратканына көңүл бура албай койбойм. Курулуш мекеме бул кырсык боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө үн катат деген ойдомун. Мен азыр саясатка кеткен адаммын»,- деп жазды ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1469