Бишкекте курулуп жаткан көп кабатуу үйдүн дубалы жанаша жайгашкан үйгө урады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.
Окуя Фрунзе менен Жаш гвардия бульварынын кесилишинде болгон.
Маалыматты ӨКМден тастыкташты. Алардын маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган аял киши жабыркаган.