7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук транспортко жол кире төлөбөгөндөргө карата рейд жүрүүдө

305

Борбор калаада коомдук транспортто жол кире акысын төлөөдөн качкан шаар тургундарын аныктоо боюнча рейд жүрүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, муниципалдык инспекция автобустардагы жүргүнчүлөрдөн накталай төлөм үчүн берилген талондордун жана накталай эмес төлөмдү ырастаган квитанциянын бар-жогун текшерди.

Рейддин жүрүшүндө көпчүлүк жүргүнчүлөр жол акысын накталай төлөшкөнү менен, талон албай коюшканы белгиленди. Мындан улам жүргүнчүлөргө билет алуунун маанилүүлүгү эскертилип, анткени билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн экендиги айтылды.

Белгилей кетсек, эгерде төлөмдү ырастаган документ болбосо, КРнын Укук бузуулар кодексинин 199-беренесинин 8-пунктуна ылайык, 1 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

“Урматтуу шаар тургундары жана жүргүнчүлөр! Коомдук транспортто жол кире акысын так жана өз убагында төлөөнү суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.

306