7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коомдук транспортто буюм жоголсо кайда кайрылуу керек?

744

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине коомдук транспорттон буюмдарын жоготкон же тапкан шаардыктар үчүн табылгалар бюросу уюштурулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, департамент тарабынан шаардыктар кайрыла турган табылгалар бюросун уюштурган. Эгерде сиз коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда азыр шаар боюнча тигил же бул маршрутту издөөнүн кажети жок, төмөндө көрсөтүлгөн телефон номерлери боюнча кайрылып, арыз калтыруу жетиштүү болот, бул издөөнү бир топ жеңилдетет.

Арызда унутулган, табылган нерсени деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, ордун жана убактысын көрсөтүү керек.

«Урматтуу шаардыктар! Кайрылууларды төмөнкү дарекке калтырсаңыздар болот: 7-апрель көчөсү 4а же болбосо төмөнкү Whatsapp-номерлерге кайрылсаңыздар болот:
— 0 (502) 20 52 02 – кичиавтобустарда;
– 0 (990) 30 60 76-троллейбустарда;
– 0 (700) 46 56 60-автобустарда»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

745