Кыргызстанда Кореянын «КОПИЯ» борбору ачылды. Бул үчүн Кыргыз Улуттук университетинин ботаникалык бак аянтчасынан эки гектар жер бөлүнүп берилди. Борбордун ачылыш аземине айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков, Кореянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Ли Вон Дже, улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, коомдук ишмерлер жана агрардык тармактын адистери катышты.
Аталган борбордо Кореянын агрардык тармагындагы тажрыйбалуу окумуштуу адистер эмгектенишип, Кореянын агрардык чөйрөдөгү жогорку технологиялары менен түшүмдү көп бере турган өсүмдүктөрдүн түрүн өстүрүшөт. Ошондой эле бул борбордо орто жана чакан чарба жетекчилерине алдыңкы тажрыйбалар окутула тургандыгын Кореянын Кыргызстандыгы элчиси элчиси Ли Вон Дже белгиледи.
Долбоордун негизги максаты – айыл-чарба адистигинин студенттерин, окумуштууларын, изилдөөчүлөрүн, фермерлерин акыркы корей агротехнологиялары менен окутуу жана тааныштыруу, жергиликтүү калктын айыл чарба бизнесине болгон кызыгуусун жогорулатуу болуп саналат.