7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн 79 пункт ачылды

590

Бишкекте коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн убактылуу 79 пункт ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмдөө жүргүзүүчү жайлар Бишкектеги бейтапканаларда эле эмес, медициналык менчик борборлордо, билим берүү мекемелеринде жана коомдук жайларда да ачылган.

Вакцина алуу жайларынын даректери:

— №19 Үй-бүлөлүк медициналык борбордон жана анын жети филиалынан;

— студенттердин шаардык бейтапканасынан;

— спорттук-реабилитациялык борбордон;

— темир жол ооруканасынын бейтапканасынан;

— президенттин иш башкармалыгынын атайын бейтапканасынан (атайын поликлиника);

— медициналык 11 менчик борбордон — репродуктивдүү саламаттык жана кошумча репродуктивдүү технологиялар клиникасы, «Кроха», профессор Асымбекованын клиникасы

— «Элкрит», «Малыш», «Поликлиника 312», «Цадмир», «Веданта», «Семья», «Эдельвейс», «Авиценна»;

— 11 жогорку жана атайын орто билим берүүчү окуу жайдан — Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек медициналык колледжи (БМК), Раззаков атындагы КТУ, Ахунбаев

— КММА, Ельцин атындагы КРСУ, Бишкек мамлекеттик университети, Эл аралык университет, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети,

— Арабаев атындагы КМУ, Скрябин атындагы КУАА;

— дарыгерлик 20 амбулаториядан;

— алты соода борборунан — «Азия Молл», «ТОММИ-МОЛЛ», «Технопарк», «Вефа борбор», «Бишкек Парк», ГУМ;

— Ленин райондук калкты тейлөө борборунан (Жаш гвардия пр. 4);

— Мурдагы «Адреналин» медборборундагы медициналык кабинеттен (Аламүдүн базарынын аймагы) эмделсе болот.

Төмөнкү даректерден 4 вакцинаны алсаңыз болот.

— «Спутник Лайт» бириктирилген №2,7,8,9,15 үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, «Бишкек Парк» соода борборунан. Бул бир компоненттүү вакцина;

— SinoPfarm көрсөтүлгөн бардык эмдөөчү пункттарда бар;

— AstraZeneca препаратын бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, студенттердин шаардык бейтапканасынан, спорттук-реабилитациялык борбордон, соода борборлордон, темир жол бейтапканасынан, «Кроха» медборборунан сайып берет;

— Pfizer вакцинасын шаардын бардык үй-бүлөлүк медициналык борборлордон, студенттердин шаардык бейтапканасынан, темир жол ооруканасынын бейтапканасынан, атайын поликлиникадан, соода борборлорунан, медициналык менчик борборлордон, Ленин райондук калкты тейлөө жайынан алса болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

591